Эмине Эрдоган "Билим Бишкек" долбоорунун ачылышына катышты
Салтанаттуу иш-чара лента кесүү менен башталып, чакан концерттик программа менен коштолду
Кечээ “Билим Бишкек” долбоорунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган катышты.
Салтанаттуу иш-чара лента кесүү менен башталып, чакан концерттик программа менен коштолду.
Аталган билим борборунда 4 жаштан 16 жашка чейинки улан-кыздар дизайн, технология, математика, табигый илимдер, астрономия, авиация жана космонавтика багытында кошумча бекер билим ала алышат.
Бул саамалык Кыргызпатент, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, ТИКА, Т-3 фонду биргелешип кабыл алган меморандумдун негизинде ишке ашууда.