Бишкек – Ош жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
Учурда №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө
Бүгүн эртең менен саат 09:10 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымына (Төө-Ашуу) кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө.
"Көчкүнүн көлөмү 800 м3 түзөт. 2 даана автогрейдер, 2 даана жүктөгүч атайын техникасы иштеп жатат. Каттам убактылуу жабык", - деп айтылат маалыматта.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз