Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пакистандагы терактта жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

 Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти

Пакистандын Кветта шаарында болгон терактта каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Кветта шаарында жүргөн кыргызстандыктар менен туруктуу байланышта.

"Пакистанда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же консультация алуу үчүн Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин ыкчам байланыш телефон аркылуу кайрылса болот: +923303717771 жана +923350802525", - деп айтылат маалыматта.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх