Кызыл-Кыяда Россиянын маданият жана билим берүү борбору ачылды
Бул тууралуу Россиянын Оштогу билим жана маданият борборунан билдиришти
Күн мурун Баткен шаарындагы №70 кесиптик лицейдин базасында Россиянын маданият жана билим берүү борбору ачылды. Бул тууралуу Россиянын Оштогу билим жана маданият борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Россиянын "Чет өлкөлөрдө орус тилин колдоо жана жайылтуу" мамлекеттик программасынын алкагында Россотрудничествонун колдоосу менен ачылган.
Ачылыш аземге шаардын мэри Асылбек Маткалыков, Россиянын Башкы консулдугунун өкүлдөрү, Россиянын Оштогу Билим жана маданият борборунун башчысы Дмитрий Аврам, мугалимдер, студенттер, жана шаар тургундары катышты.
Борбордо орус тилин окуу жана жалпы билим берүү предметтерин үйрөнүү боюнча программалар, ошондой эле Россиянын өнөктөш уюмдарын тартуу менен мугалимдерди колдоо иш-чаралары ишке ашырылат.
Мындан сырткары, борбор заманбап технология, россиялык өндүрүүчүлөрдүн эмеректери менен жабдылган. Китепкана фондунда 700гө жакын окуу-усулдук, маалымдама жана көркөм адабияттар бар.