Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россияда миграциялык талаптар күчөйт – Бакыт Кадыров

Ошондой эле ал кошумчалагандай, чектөөчү чаралар 2025-жылдын  5-февралында күчүнө кирет

Россиянын бир катар мыйзамдарында миграциялык талаптар күчөйт. Бул тууралуу  тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров билдирди.

Анын айтымында, "Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин Россия чет жактан келген мигранттардын террористтик аракеттеринин алдын алуу максатында бир катар миграциялык мыйзамдарында өзгөрүүлөрдү киргизүүдө.

"8-августта мигранттарды өлкөдөн чыгаруу тартибине жаңы укуктук режим киргизүү боюнча мыйзамга кол коюлган. Ал Россияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктерге карата колдонулат. Эгерде мигрантты өлкөдөн чыгаруу режими колдонулса, ал көзөмөлдөнө турчу адам катары тиешелүү реестрге киргизилет. Ал Россиянын ички иштер органдарына жүргөн жери, өлкөдөн өз убагында жана өз алдынча чыгып кетишине жолтоо болгон жагдайлар жөнүндө маалымдоого милдеттүү болот. Мындан тышкары, чет өлкөлүк РФ ИИМинин аймактык органына уруксаты жок жашаган жерин өзгөрткөнү тууралуу кабарлап, өлкөдөн кете турчу убактысы, орду жана маршруту жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

Реестрге кирген чет өлкөлүктөргө бир катар чектөө чаралары колдонулат. Мисалы, ага ички иштер органынын уруксаты жок Россияда жашаган жерин алмаштырууга тыюу салынат. Ошондой эле чет өлкөлүк транспорт каражаттарын айдай албайт. Ага экзамен тапшырып, Россиянын улуттук, же эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алганга болбойт. Эгерде чет өлкөлүк жаран белгиленген милдеттерин бир нече жолу эки же андан көп жолу аткарбаса депортацияланат же атайын мекемеге жайгаштырылат”,-деди ал.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, чектөөчү чаралар 2025-жылдын  5-февралында күчүнө кирет.

"Бирок ага чейин Россиянын аймагында мыйзамдуу негизи жок эле жүргөн жана өлкөдөн такыр чыкпаган чет элдиктер көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилет. Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөлүктөрдүн Россияда убактылуу жүрүү мөөнөтүн жыл ичинде 180 суткадан 90 суткага чейин кыскартууну караган эреже күчүнө кире турганын эске салды. Баса белгилеп кетким келет, бул ченемдер Россиянын аймагында тиешелүү уруксат документтери жок жүргөн чет өлкөлүктөргө жана анын ичинде биздин кыргыз жарандарына дагы тиешелүү", - деди ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх