Максүтов Россияда вокалдык сынакка катышып жаткан Бегимай Турусбекова менен жолукту
Кыргызстандын маданияты көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жаратарын белгилешти
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Россиянын "Пятница" телеканалынын "Царица" вокалдык шоусуна катышып жаткан таланттуу ырчы Бегимай Турусбекова менен жолукту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууга ошондой эле телеканалдын тартуу тобунун өкүлдөрү дагы катышты.
Алтынбек Максүтов Бегимайга эл аралык аренада ийгилик жараткандыгы менен куттуктап, Кыргызстанды таанытып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Министр улуттук өнөрдү жайылтуу жана кыргызстандык жаштарды шыктандыруу үчүн мындай чыгармалардын маанилүү экендигин белгиледи.
Бегимай Турусбекова министрликке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорго катышуу тажрыйбасын жана көп сандаган аудиториянын алдында кыргызстандын атын чыгарып жатканынынын маанилүүгүн белгиледи.
Ал эми "Пятница" телеканалынын тартуу тобунун өкүлдөрү министрге жылуу кабыл алып жана долбоорго көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстандын маданияты көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жаратарын белгилешти.