Свердлов районундагы 24 мектеп жана бала бакчанын санитардык абалы текшерилди
Мэриядан маалымдашкандай, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 14 мектеп жана 14 бакча текшерилди
Бишкек шаарынын Свердлов районунун мектептеринде жана бала бакчаларында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тамак-аш азыктарынын ассортиментине, санитардык эрежелердин жана нормалардын сакталышына, ошондой эле өрт коопсуздугунун сакталышына текшерүү уюштурулду.
Мэриядан маалымдашкандай, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 14 мектеп жана 14 бакча текшерилди.
Ага муниципалдык администрациянын кызматкерлери, Бишкек шаарынын МСЭКБ, билим берүү башкармалыгынын жана ӨКМдин адистери катышты.
Белгилей кетсек, балдардын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштурууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык тамак-аш ченемдери колдонулат.