Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асеин Исаев БУУ БКБнын БА боюнча регионалдык өкүлү Оливер Штольпе менен жолукту

Регионалдык өкүл Кыргызстандын өнөктөштөрү менен натыйжалуу кызматташууга даяр экенин ырастады

Кун мурун тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Борбордук Азия, Афганистан, Пакистан жана Иран боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) жаңы дайындалган регионалдык өкүлү Оливер Штольпе менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, Асеин Исаев Оливер Штольпени жаңы аймакта жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз тараптын заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө, анын ичинде баңги заттар, уюшкан кылмыштуулук, коррупция жана терроризм сыяктуу маселелер боюнча БУУ БКБ менен тыгыз жана жемиштүү кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Тараптар Кыргызстандын баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө жетишкен олуттуу ийгиликтерин, анын ичинде жаңы технологияларды пайдаланууну, пенитенциардык системанын бир кыйла өнүккөнүн, түрмөлөрдөгү каттоо жана коопсуздук системасынын санариптештирилишин белгилешти.

Исаев Штольпеге БУУ БКБнын регионалдык өкүлү катары ийгиликтерди каалап, республика БУУ БКБ менен кызматташууну мындан ары чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Оливер Штольпе Кыргызстан менен активдүү иш алып барууга, анын ичинде БУУ БКБнын мандатынын алкагында Кыргызстандын мамлекеттик органдарына долбоорлорду ишке ашырууда көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты. Регионалдык өкүл Кыргызстандын өнөктөштөрү менен натыйжалуу кызматташууга даяр экенин ырастады.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх