Чолпон-Атада 100 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти
Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облустук Жалпы дарыгерлик практика борборунун 100 орундуу жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, оорукана шаардын аймагында шаардын жана Ысык-Көл облусунун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.
Капсула салуу аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кенештин депутаты Гулкан Молдобекова, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев жана Ысык-Көл облустук Жалпы дарыгерлик практика борборунун кызматкерлери катышты.
Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана ден оолугун чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи.
Министр президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетине өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 282 мон сом бөлүнгөн. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Чолпон-Ата шаарынын тургундарын медициналык тейлөөнүн сапатын бир топ жакшыртат, ошондой эле бардык туристтер үчүн шарттар түзүлөт