Ала-Тоо аянтына жаңы жылдык балаты орнотула баштады
Жаңы жылдык балатыны орнотуу болжол менен 25 күнгө созулат
Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатынын темир каркасын орнотуу иштери башталды.
Мэриядан маалымдашкандай, балатыны "Тазалык" ишканасынын адистери орнотуп, андан соң "Бишкекжарыктын" кызматкерлери тарабынан кооздоо иши улантылат.
Быйыл жаңы жылдык балаты фонтан комплексинин ортосуна орнотулат. Башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метр.
Эскерте кетсек, жаңы жылдык балатыны орнотуу болжол менен 25 күнгө созулат.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз