Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Араван-Сай дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар демонтаждалды

Суу артериясынын эки тарабында жалпы узундугу 1150 метрге жакын мыйзамсыз соода курулуштарын демонтаждоо иштери аяктады

Араван районунда Араван-Сай дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар демонтаждалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК төрагасынын ушул жылдын 20-июлундагы протоколдук буйругун аткаруунун алкагында КР өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна карата Араван-Сай дарыясынын жээгинде, суу артериясынын эки тарабында жалпы узундугу 1150 метрге жакын мыйзамсыз соода курулуштарын демонтаждоо иштери аяктады.

Учурда райондун борборунун борбордук трассасындагы тыгындарды жоюу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында дарыянын жээгине сейил бактын аймагын түзүү боюнча жергиликтүү бийлик курулуш иштерин баштады.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх