Ноокат районунда жаңы курулган 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди
Объекттин тендердик баасы 118 млн сомду түздү
Ош облусунун Ноокат районунун Үч-Бай айылындагы Т.Зулпуев атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, билим уясынын курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Объекттин тендердик баасы 118 млн сомду түздү.
Жаңы мектеп 275 окуучу орунга ылайыкталып, 3 блоктон турган 2 кабаттуу окуу корпустан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Ошондой эле долбоор боюнча негизги класстык кабинеттерден тышкары биология, химия, физика, компьюттердик класс, кол эмгек кабинети каралса, спорттук залда улан-кыздар үчүн кийинүүчү жана жуунучу жайлар бар. Мектептин жалпы аянты 1660 чарчы метрди түзөт.
Билим ордонун эски имараты мурун бала бакча болуп, кийин 1993-жылы билим алуу үчүн мектептин корпусу катары пайдаланууга берилген..