Россиядагы элчиликтин өкүлдөрү убактылуу кармоочу борбордогу кыргызстандыктардан кабар алды
Административдик түрдө кабыл алынуучу өлкөдөн чыгарууну күтүп жаткан Кыргызстандын 14 жараны болгон
13-ноябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери, Южно-Сахалинск шаарындагы консул менен биргеликте Южно-Сахалинск шаарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барышты.
Элчиликтен билдиришкендей, иш сапар учурунда өлкөдөн чыгарууну күтүп жаткан кыргызстандыктыктар менен баарлашып, тийиштүү консулдук-укуктук консультация берип, аларды кызыктырган суроолорго жооптор берилди.
Ошондой эле мекеменин жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуу уюштурулуп, аталган борбордо убактылуу кармалган кыргызстандыктардын жашоо-шарттарын, аларды документтештирүү жана Кыргызстанга кетүү тартибине байланышкан маселелер талкууланды.
Эске салсак, элчиликтин кызматкери борборго барган учурда, административдик түрдө кабыл алынуучу өлкөдөн чыгарууну күтүп жаткан Кыргызстандын 14 жараны болгон.