Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги балдар ооруканасында ара төрөлгөн наристелердин күнү белгиленди

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна айына жетпей төрөлгөн балдары бар ата-энелер чакырылды

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ара төрөлгөн наристелердин күнү белгиленди.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда төрөлгөн 150 миң баланын 75 миңи ара төрөлөт. Ара төрөлгөн ымыркайлар жашоосунун алгачкы айларында органдарынын жана системаларынын жетиле электигинен улам кылдат мамилени талап кылат.

Учурда ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүү саламаттыкты сактоо системасы, социалдык кызматтар, жергиликтүү жана мамлекеттик колдоо сыяктуу комплекстүү колдоонун аркасында олуттуу жетишкендиктерге ээ.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда “Ара төрөлгөн ымыркай – өлкөнүн толук кандуу жараны” күнү ушуну менен 9-ирет белгиленип жатат. Буга байланыштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна айына жетпей төрөлгөн балдары бар ата-энелер чакырылды.

Кыргызстандагы “28 петель” кайрымдуулук фонду, Uplift кайрымдуулук фонду жана башка донордук уюмдар да бул күндүн активдүү катышуучулары болушту.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх