Ысык-Көл облусунда жергиликтүү кеңештерге шайлоо ийгиликтүү өттү
Социалдык тармактарда региондо стабилдүүлүккө коркунуч туудургандыгы тууралуу эски видеолор колдонулган жалган маалыматтар тараган
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо ийгиликтүү жана тынч өттү. Региондогу кырдаал туруктуу бойдон калууда.
Техникалык жабдуулардын бузулушуна байланыштуу Түп районунун Тепке айылынын шайлоочулары эртең добуш берүү иштерин аяктай турган болушту. Ал эми Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынын тургундары үчүн добуш берүү убактысы үч саатка узартылып, саат 23:00гө чейин созулду. Бул ар бир жаранга өзүнүн шайлоо укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында.
Социалдык тармактарда региондо стабилдүүлүккө коркунуч туудургандыгы тууралуу эски видеолор колдонулган жалган маалыматтар тараган. Бул маалыматтар чындыкка дал келбестигин маалымдайбыз. Тиешелүү кызматтар дезинформацияны тараткан адамдарды аныктоо үчүн текшерүү иштерин башташты. Кылмышкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы