Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун жарыктандыруу системасы жаңыланууда
Жумуштарды ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин аяктоо пландалууда
Москва районунда Бишкек – Кара-Балта унаа жолундагы жарык берүүчү прожекторлорду алмаштыруу иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, иштер №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда. Азыркы тапта 100дөн ашык прожекторлор орнотулду. Алдыда дагы 1000ге жакыны жаңыланат. Жумуштарды ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин аяктоо пландалууда.
Ошондой эле Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун 22-чакырымына (Гавриловка айылы) жөө адамдар өтүүчү жол чырак орнотулуп, жолдун 15,9-37,9-чакырымдар аралыгында тазалоо иштери жүрүүдө. Мындын тышкары, Сокулук районуна караган Асыл-Баш айылынын Дөөлөт атындагы көчөсүнө (1 чакырым) асфальт төшөлүп, иштер жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек, буга чейин №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Александровка-Асылбаш жолунун 3 чакырымы, Беш-Корук айылынын Маке көчөсү (870м), Сокулук айылындагы оорукананын аймагы жана Арчалы айылындагы 3 чакырым жолго асфальт төшөлгөн