Жогорку Кеңеш электрондук эмгек китепчесин киргизүүнү жактырды
Комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева аталган мыйзам долбоорлоруна сунуштар боюнча кыскача талкуу болгонун эске салды
Кечээ, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети Эмгек кодексинин долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, жактырды.
Эмгек кодексинин долбоору эмгек келишимин, эмгек китепчесин жана эмгек мыйзамдарынын нормаларын камтыган локалдык ченемдик укуктук актыларды электрондук түрдө киргизүүнү сунуштайт.
«Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында электрондук китепте республикада мамлекеттик майрам жана жумуш эмес майрам күндөрүн белгилөө сунушталууда», - деп белгилешти иштеп чыгуучулар.
Комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева аталган мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуулар болуп, сунуштар боюнча кыскача талкуу болгонун эске салды.