Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Сауд Аравия ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрүнүн форуму өтүүдө

Араб тилин окутууда жана жайылтууда бүтүрүүчүлөрдүн ролу аттуу темаларды камтыйт

Бүгүн Бишкекте Сауд Аравия Падышалыгынын жогорку окуу жайларын бүтүргөн Россия жана Борбор Азиянын студенттеринин форуму өтүүдө.

Ага Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Сауд Аравиянын жана Кыргызстандын окуу жайларынын бир нече өкүлдөрү, бүтүрүүчүлөр жана атайын чакырылган коноктор катышууда.

Иш-чараны элчи Ибрахим бин Ради Аль-Ради ачып, Сауд Аравия Россия жана Борбор Азиянын студенттери үчүн билим берүү тармагында чоң жетишкендиктерге жетип, өзүнүн мыкты университеттеринде билим алуу мүмкүнчүлүгүн дагы да улантарын белгиледи.

“Акыркы жылдары илимий жана билим берүү тармагында Сауд Аравиясы Ханзаада Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун жана Улуу Даражалуу мураскор ханзаада, премьер-министр Мухаммед бин Салман бин Абдулазиздин жетекчилиги астында эбегейсиз өнүгүүгө жетише алды. Негизги максаттарынын бири болуп университеттерди колдоо жана мыкты илимий программаларды иштеп чыгуу аркылуу билим берүүнүн сапатын мындан ары жогорулатуу.

Бүгүнкү күндө университеттер билим жана тажрыйба алмашуу үчүн эл аралык институттар менен кызматташууга үндөшүүдө. Учурда Сауд Аравиянын окуу жайларында боордош мамлекеттерден келген миңдеген студенттер билим алууда. Сауд Аравия Россия жана Борбор Азиянын студенттери үчүн билим берүү тармагында чоң жетишкендиктерге жетип, өзүнүн мыкты университеттеринде билим алуу мүмкүнчүлүгүн дагы да улантат”,-деди элчи.

Форумдун негизги максаты – Сауд Аравиядагы чет элдик студенттердин жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү менен байланышты чыңдоо. Сауд Аравиянын билим берүү мекемелери менен дүйнөдөгү билим берүү мекемелеринин ортосундагы илимий байланыштарды бекемдөө жана бул өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашуу.

Атай кетсек, иш-чара "Сауд Аравиянын Ислам жана мусулмандарга кызмат кылуу аракеттерин чагылдырууда бүтүрүүчүлөрдүн ролу", "Бүтүрүүчүлөрдүн коомчулугун өнүктүрүү жана илим менен билимди жайылтуу аракеттери", "Араб тилин окутууда жана жайылтууда бүтүрүүчүлөрдүн ролу" аттуу темаларды камтыйт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх