Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аялдардын Буткул дүйнолүк ишкердик күнүнө карата иш-чара уйуштурулду

Иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызынын демилгеси менен өткөрүлдү

Кече 19-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызынын демилгеси менен Аялдардын Бүткүл дүйнөлүк ишкердик күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин колдоосу менен уюштурулуп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Динара Ашимова, Жанарбек Акаев, Мирлан Самыйкожо, Айсулуу Мамашова, Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү жана ишкер аялдар катышты.

Анда ишкер айымдардын коомдогу орду жана келечеги тууралуу талкуулар болуп, аялдардын ишкердүүлүгү, өлкөнүн статусун жогорулатуудагы алардын орду белгиленди.

Белгилей кетсек, саамалыкта аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана алардын ишкердигинин өнүгүшү жөнүндө презентациялар жасалып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан Ыраазычылык каттар тапшырылды.

Аялдардын Бүткүл дүйнөлүк ишкердик күнү 2014-жылдан бери БУУ Өнүктүрүү программасы тарабынан колдоого алынып, дүйнө жүзүндөгү ишкер аялдарды колдоого, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган глобалдык демилге болуп саналат жана дүйнөнүн 140тан ашуун өлкөсүн, анын ичинде Кыргызстанды камтыйт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх