Алишер Козуев Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин төрөгасынын орун басары болуп шайланды
Анын талапкерлигин 70 депутат колдошту
Жогорку Кеңештин жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо тууралуу маселе каралды.
Бул кызматка депутат Алишер Козуевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Алишер Козуев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 70 депутат колдошту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз