Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы документтерди колдонуу шарттары жеңилдеди

Кыргызстандын Конвенцияга кошулуусуна макул болгондугунан улам мүмкүн болду

КР Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын 7-октябрынан тарта Кыргызстан менен Германиянын ортосунда 1961-жылдын 5-октябрында Гаага шаарында кол коюлган чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу конвенциясы күчүнө киргенин маалымдайт.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул Германия өзүнүн эскертмесин (каршы пикирин) кайтарып алып, Кыргызстандын Конвенцияга кошулуусуна макул болгондугунан улам мүмкүн болду.

"Апостиль коюу бул өлкөлөрдүн биринде берилген документтерди экинчисинин аймагында таануу жол-жобосун жеңилдетет. Эми жарандар жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар эки мамлекетте расмий документтерди колдонуу үчүн кошумча консулдук мыйзамдаштыруу процедураларынан өтүү жокко чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, апостиль системасын киргизүү административдик процесстерди тездетүүгө, документтерди күбөлөндүрүүгө кеткен чыгымдарды кыскартууга жана билим берүү, ишке орноштуруу, укуктук жана бизнес-процесстер сыяктуу ар кандай чөйрөлөрдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк түзөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх