Мирлан Самыйкожо мугалимдин кадыр-баркына шек келтиргендерге жазаны күчөтүүнү сунуштады
Эл өкүлү өкмөткө Билим берүү министрлиги менен бирге Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамды иштеп чыгууну тапшырды
Депутат Мирлан Самыйкожо мугалимдин кадыр-баркына шек келтиргендерге болгон айып пулду көтөрүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, жакында болгон окуяда мугалимди ыйлаткан энеге аз өлчөмдө салынган айып пулду депутаттар өздөрү кабыл алганын билдирди.
“2023-жылы ушул жерде Бузуулар кодексинде мугалимдин статусун көтөрүү боюнча элдик топ мыйзам демилгелегенбиз. Кечээки айымга салынган миң сом айып ошол мыйзамдын негизинде болуп калды. Былтыр өзүбүз ошол миң сомго түшүрүп алганбыз. Анткени мунун айыбын көбөйтпөш керек, жоопкерчиликке тартуу керек деген нерселер болгон”, - деди ал.
Эл өкүлү өкмөткө Билим берүү министрлиги менен бирге Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамды иштеп чыгууну тапшырды.
“Эртең дагы бири келип мугалимдин чачын жулуп кетет. Дагы бир окуучу мугалимди шылдың кылып кетет. Бул токтобойт. Ошондуктан өкмөт мыйзам долбоорун алып келсинчи. Дагы бир карап, мыйзамды күчөтүп коёлу", - деди Самыйкожо.