Тамчыдагы аэропорттун маңдайына 5 жылдыздуу мейманканалар курулуп баштады
Садыр Жапаров маалымат маегинде Тамчы аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу 9 мейманкана салынарын айткан
Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы аэропорттун маңдайына 5 жылдыздуу мейканалар курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Ал курулуш иштерин жүргүзгө 7 компания тартылганын белгилеп, "Авангард", "Хан-Теңири", "Елизавета" өңдүү курулуш ишканаларына 10 гектардан жер бөлүнүп берилгенин айтты. Ошондой эле Туманбаев учурда иштер башталганын кошумчалап, курулуштун долбоорлорун компаниялар өздөрү сунушташканын белгиледи.
Эске салсак, октябрь айында президент Садыр Жапаров маалымат агенттигине берген маегинде Тамчы аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу 9 мейманкана салынарын айткан.