Ак-Талаада дыйкан фермерлерге айыл чарба кластерлерин өнүктүрүү боюнча маалымат берилди
Бул каражат эт багытындагы асыл-тукум мал өстүрүүгө 2 пайыздык үстөк менен 10 жылга насыяга берилет
Күн мурун Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары Адыл Сапаров тиешелүү кызматкерлер менен бирге Ак-Талаа районунун Баетов айылында эл менен жолугушту.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда атайын адистер тарабынан элге айыл чарба кластерлерин өнүктүрүү, каражат табуу, “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондуна долбоор даярдоо, Кепилдик фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек, быйыл Нарын облусунда айыл чарба тармагындагы эт, сүт, бал, балык, мөмө-жемиш, сафлор жана тоют кластерлерин өнүктүрүүгө жана ушул багыттагы долбоорлорду каржылоого өзгөчө көңүл бурулат. Тактап айтсак, Нарын облустук “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан айыл чарба кластерлерин, жеке ишкердикти өнүктүрүү, кайра иштетүү, өндүрүш ишканаларын колдоо багытында 450 млн сом бөлүндү.
"Ишкердик ачам деген облус тургундары, айрыкча дыйкан, фермерлер долбоор жазып, 2 пайыз үстөк менен 10 жылдык мөөнөткө насыяга каражаттарды алса болот", - деп айтылат маалыматта.
Аны менен катар, иш-чарада “Дордой-Балыкчы” жана “Форель балык чарбасы” ААКлардын өкүлдөрү өз кызматтарын сунушташты. Алар менен түзүлгөн келишимге ылайык, Балыкчы шаарындагы “Дордой-Балыкчы” эт комбинатына Нарын облусунун фермерлери өздөрү өндүргөн этти базар баасында сата алышат. Бул максатта “Тенир Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан 100 мн сом бөлүнгөн. Бул каражат эт багытындагы асыл-тукум мал өстүрүүгө 2 пайыздык үстөк менен 10 жылга насыяга берилет.
Ошондой эле Балыкчы шаарындагы “Форель балык чарбасы” Нарын облусунун балык өстүрөм деген дыйкан-фермерлерине чабактарды, балыктын жей турган азыгын, жемин берет. Фермерлер даяр продукцияны аталган балык чарбасына базар баасында сата алышат. Бул багытта фермерлер үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 50 млн сом каралган. Долбоорлорду аталган фондго тапшыра башташса болот. Каржылоо 2025-жылы жүргүзүлөт.