Темирлан Султанбековдун абакта жатканына 12 күн болду
Эске салсак, «Социал-демократтар» партиясы шайлоо мыйзамдарын бузду деп 17-ноябрда болгон жергиликтүү кеңештердин шайлоосунан четтетилген
Темирлан Султанбековдун абакта жатканына 12 күн болду
«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун абакта жатканына бүгүн 10 күн болду. Ал эми ачкачылык кармаганы 12 күнгө кетти. Ал ушунча убакытта 8 кг арыктаганын партиялаштары айтып жатышат.
Партия лидери абакта отурган убакта экс-президент Алмазбек Атамбаевге бир жолу, президенттик администрациянын басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековго бир жолу, Борбордук шайлоо комиссиясына эки жолу, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге эки жолу, Президент Садыр Жапаровго бир жолу кат жазган.
Темирлан Султанбеков камалгандан бери Европарламенттин депутаты, анын чет элдик иштер комитетинин мүчөсү жана Кыргызстан боюнча атайын докладчы Игнасио Санчес Амор атайын кайрылып, Султанбековдун ден соолугуна тынчсызданганын билдирип, ачкачылыкты токтотууну суранган.
Ал эми бүгүн 25-ноябрда Социнтерндин президенти жана Испания королдугунун өкмөт башчысы Педро Санчес Социнтерндин вице-президенти болгон Темирлан Султанбековду Испаниянын башкаруучу партиясынын сьездине ардактуу конок катары катышып кетүүгө чакырганын «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев өз баракчасына жазып чыкты. Сьезд 29-ноябрда Севилье шаарында болмокчу.
Эске салсак, «Социал-демократтар» партиясы шайлоо мыйзамдарын бузду деп 17-ноябрда болгон жергиликтүү кеңештердин шайлоосунан четтетилген. Ал эми партия лидери Темирлан Султанбеков жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер добуштарды сатып алууга айыпталып камакка алынган.