Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дайырбек Орунбеков Жалал-Абадда судьялардын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Судьялардын жогоруда белгиленген чечимди кабыл алуусунда ири суммадагы акча каражаты - пара роль ойногон

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жалал-Абадда үч судьянын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Орунбековдун айтымында, алар оор кылмышка шектүүнү мыйзамдарды бузуу менен үй камагына чыгарган деп шектелүүдө.

"Кыргызстандык бир жаран маң затын, тагыраагы героинди ташып баратканда укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Үч судья камакка алынган жарандын баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алышкан. Кылмышка шектүү үй камагына чыгары менен чет өлкөгө качып кеткен.

Судьялардын жогоруда белгиленген чечимди кабыл алуусунда ири суммадагы акча каражаты - пара роль ойногон деп айтууга толук негиз бар. Окуянын толук чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталмакчы", - деп жазды ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх