Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамбет Мамакеев акыркы сапарга узатылды

Дүйнөгө операция жасоо боюнча эң улгайган хирург катары да белгилүү

Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев бүгүн, 26- ноябрда акыркы сапарга узатылды. Ал 97 жашында көз жумган.

Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик жана саясий ишмерлер келди.

Анын сөөгү «Ата-Бейит» улуттук тарыхый мемориалдык комплексине коюлду.

Мамакеевдин профессионалдык карьерасы 70 жылдан ашык убакытка созулуп, 30 миңдей операция жасаган. Ал 2020-жылы дүйнөдө өз кесибинде эн узак убакыт иштеген адис катары рекорд коюп, Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Белгилүү хирург, коомдук ишмер Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Медицина тармагында 70 жылдай эмгектенип, жалпы 35 миңдей операция жасаган.

Мамбет Мамакеевдин аты Кыргызстандын Улуттук хирургия борборуна ыйгарылган.

Мындан 20 жыл мурда ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген.

Ал Кыргызстандын Хирургиялык коомдор ассоциациясынын президенти болгон. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган.

Дүйнөгө операция жасоо боюнча эң улгайган хирург катары да белгилүү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх