Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Букада 59 млн сомго курулган мектеп жарылып кетип кайра жабылды

Жаңы салынган мектеп кайра жабылды

Ала-Бука районунун Падек айылындагы Т.Жоробаев атындагы орто мектептин имаратын салууга 59 млн 320 миң сом сарпталган. Бирок эксплуатацияга берилгенден кийин курулуштун сапатсыз жүргөнүнөн улам көйгөйлөр пайда болгон. Жаңы салынган мектептин дубалдары жарылып, полу чөгүп кеткен. Натыйжада окуучулардын коопсуздугун ойлоп, жаңы салынган мектеп кайра жабылды.

Тактап айтканда мектептин дубалы кум-шагыл эмес, топурак менен толтурулгандыктан ички бириктирүүчү дубалдары, ашкана жана ички ажатканасынын, ошондой эле мектептин 1-кабатындагы кээ бир класстык бөлмөлөрдүн полдору 40 сантиметрге чейин чөгүп кеткен. Мунун кесепетинен дубалдарда жаракалар пайда болгон

Бул мектепти салып жатканда жана аны кабыл алганда көзөмөлдүн жоктугу үчүн жергиликтүү бийликке карата прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх