Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунун башчысы "Т" жолун кеңейтүү иштери менен таанышты

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жалпы жолдун 3,4 чакырымына эки катмар асфальт төшөлүп бүттүү

Күн мурун президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Ош шаарына кирүүчү "Т" түрүндөгү жолду кеңейтүү иштери менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, мында аталган жолдун Кара-Суу районунун Датка айыл аймагына караган Кош-Таш көчөсүнүн 600 метр аралыгын кеңейтүү жана жеке менчик үйлөрдү жылдыруу иштери жүрүп жатат.

Анда облус жетекчиси төрт тилкелүү жолду салуу үчүн даярдалып жаткан долбоорду көрүп чыгып, көз карандысыз адистерге сүрдүрүлө турган үйлөрдү баалоону эртелетүүгө чакырды. Ошондой эле тийешелүү жетекчилерге тургундарга жакын аймактан жер тилкелерди берүү жана компенсация маселесин тез арада чечүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жалпы жолдун 3,4 чакырымына эки катмар асфальт төшөлүп бүтүп, эки четине латокторду орнотуу иштери жүрүп жатат. Ал эми калган 600 метр аралыгында жолго тоскоол болгор бак-дарактарды жана электр мамычаларды алуу иштери аткарылган. Ага улай унаа каттамы үчүн убактылуу жолду оңдоо-түзөө иштери жүрүп 150 метр аралыка асфальт басылган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх