Жаратылыш ресурстары министрлиги студенттер арасында экологиялык олимпиада өткөрдү
Иш-чаралар салтка айланып, экологияга жоопкерчиликтүү жарандардын жаңы муунун тарбиялоого жардам берет деп ишенебиз
Күн мурун Бишкекте Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги студенттер арасында экологиялык олимпиада өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара Бишкек шаарынын Орхус борбору менен биргеликте ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен убштурулду.
Сынактын максаты – жаштардын көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө буруу жана аларды экологиялык маселелерди чечүүгө катышууга үндөө.
Сынакка жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, жаратылышты коргоо боюнча өздөрүнүн билимин жана жаңычыл мамилесин көрсөттү.
Иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана айлана-чөйрөнү коргоого кызыгуусун белгилешти. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана грамоталар тапшырылды.
"Бмз бардык катышуучуларга жана өнөктөштөргө Олимпиада өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү жана активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындай иш-чаралар салтка айланып, экологияга жоопкерчиликтүү жарандардын жаңы муунун тарбиялоого жардам берет деп ишенебиз", - деп айтылат маалыматта.