Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каракол ШИИБдин кызматкерлери мыйзамсыз балык уулоо боюнча Пристань Пржевальск айылынын тургундарын аныкташты

Тергөө амалдары уланууда

2024-жылдын 26-ноябрында Каракол ШИИБге Пристань Пржевальск айылында белгисиз адамдардын мыйзамсыз балык уулап, сатуу менен алектенгендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Билдирүү Каракол ШИИБдин МЭЖне катталып, мыйзам бузгандарды аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө башталган.

Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө чараларынын натыйжасында, Пристань Пржевальск айылынын аймагында мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу менен алектенген Пристань Пржевальск айылынын алты тургуну белгилүү болгон. Белгилүү болгон жарандардын турак жайларына мыйзам чегинде тинтүү жүргүзүлүп, төмөнкү далил заттар алынган: 


• В.А. аттуу жарандын үйүнөн: 9 жаңы кармалган жана 1 кургатылган «Сига Лудога» балыгы, 11 кап балык уулоочу синтетикалык торлор, 3 кайырмак, 1 электромотор жана 1 балык сузган тор.
• С.В. аттуу жарандын үйүнөн: 10 «Сига Лудога» балыгы жана 74 синтетикалык тор.
• А.В. аттуу жарандын үйүнөн: 1 форель жана 8 карась балыгы.
• Б.С. аттуу жарандын гаражынан: 1 мотор кайык жана 1 синтетикалык тор.
• К.Е. аттуу жарандын дарегинен: 1 мотор кайык жана 1 синтетикалык тор.
• А.Т. аттуу жарандын үйүнөн: мыйзамсыз балыктар же жабдуулар табылган эмес.

Тинтүү учурунда алынган балыктар, жабдуулар жана башка материалдар далил зат катары катталып, тергөө кызматы тарабынан алынган балыктардын түрлөрүн жана экологияга келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Аталган фактылар Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310 (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо ) беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары уланууда

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх