Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ысык-Көлдү сактоого арналган улуттук суу форумун өткөрүүдө
Улуттук суу форуму биринчи жолу былтыр 2023-жылы өткөн
2024-жылдын 29-ноябрында Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен климаттын өзгөрүү шарттарында өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана Ысык-Көлдү сактоого арналган улуттук суу форумун өткөрүүдө.
Иш – чаранын салтанаттуу ачылышы Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жана Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаевдин катышуусунда өттү. Форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Дүйнөлүк банктын мүчөлөрү, БУУ жана ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Германия, Франция, Нидерланды, Сербия жана башка өлкөлөрдүн эл аралык эксперттери катышууда.
Форумдун максаты - Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүү шарттарында Ысык-Көлдү сактоо болуп саналат.
Форум тажрыйба алмашуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Көлдү коргоо жаатында конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болду.
Дүйнөдөгү эң ири жана эң кооз бийик тоолуу көлдөрдүн бири катары Ысык-Көл маанилүү экологиялык объект гана эмес, жергиликтүү калк менен өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү ресурс болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, Улуттук суу форуму биринчи жолу былтыр 2023-жылы өткөн.