УКМК мыйзамсыз менчиктелген коомдук жайларды мамлекетке кайтарды
1998-жылдан 2006-жылга чейин аталган имараттар жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктелген
УКМК мамлекет балансына Ысык-Ата районундагы 11 социалдык объектилерди кайтарды. Бул объектилерге клубдар, парк зоналары, суу ала турган жай, ПОМ имараты, медпункт имараты ж.б. кирет.
1998-жылдан 2006-жылга чейин аталган имараттар жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктелген.
Алдын ала көрүлгөн чаралардан кийин бул жайлар өз эрки менен мамлекетке кайтарылды. Алардын рынок баасы 120 миллион сомдон ашат.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз