Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиевдин уулу инвестор тарткан Өзгөн айланма жолу жасалып бүттү

Бийлик айланма жол өлкөдө алгачкы акы төлөнүүчү унаа жолу болорун билдирген

Өзгөндөгү айланма жол толук жасалып бүттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Элчибек Жантаев Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолун жакында ачууга көрүлүп жаткан даярдыктар менен таанышкан.

"Аталган жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метр. Анын ичинде 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө салынган. Бүгүнкү күндө жол менен көпүрөнүн курулушу толук аяктаган. Учурда жолдун четинде коопсуздук тосмолорду орнотуу, жана төлөм пунктун түзүү иштери кызуу жүрүп, аяктоо алдында турат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бийлик айланма жол өлкөдө алгачкы акы төлөнүүчү унаа жолу болорун билдирген. Президент Садыр Жапаров аталган долбоорго инвесторду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев тапканын айткан.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх