Экологиялык кылмыштарды жана мыйзамсыз балык уулоону аныктоодо наркотикалык заттар табылды
Тергөө иштери улантылууда
2024-жылдын 28-ноябрында Түп райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Кылмыштуулуктун жана укукбузуулардын алдын алуу” максатында, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 310-беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иш-чарасынын алкагында экологиялык мыйзам бузууларга каршы атайын тергөө-ыкчам иш-чаралар өткөрүлдү.
Бул иш-чаралардын жүрүшүндө экологиялык мыйзамсыз иштерге тиешеси бар деп аныкталган 14 жарандын турак жайларына мыйзамдуу тинтүү жүргүзүлүп, төмөнкү буюмдар далил зат катары алынган:
* 20 даана синтетикалык торлор (1400 мерт)
* 11 даана жибек торлор (1100 мерт)
* 7 даана балык (анын ичинде Сига-Лудога-6 жана Лещ-1 түрлөрү)
* 2 даана үйлөнмө-желим кайык жана 4 даанакайыктын калагы
* 2 даана балык уулоочу атайын кийимдер
* 1 даана 3 литрлик айнек идиштеги чыланган жапайы кара куурайдын жыты бар зат
- 1 даана 5 литрлик пластик идиштеги кургатылган жапайы кара куурайдын жыты бар зат
* 1 каптын жарымынан ылдый кургатылган жапайы кара куурай чөбүнүн жыты бар зат
* Башка экологиялык мыйзам бузууларга тиешелүүбуюмдар
Бул фактылар Түп РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козгоо үчүн учурда бардык далил заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.