16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул берүү механизмине өзгөртүү киргизилди
Үй-бүлө муктаждыгын аныктоодо кепилденген минималдуу киреше 1000 сомдон 1500 сомго жогорулатылды
Аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун берүү механизмин кеңейтүү жана анын даректүүлүгүн жакшыртуу максатында 2026-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №242 токтому кабыл алынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинден билдиришти.
Аталган токтомго ылайык, жеңил автоунааны пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга чейин (заводдон чыгарылган жылы кошо эсептелет) кыскартылды.
Ошондой эле, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр эгерде жеке менчигинде бир турак жайы болсо, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала ала турганы белгиленди. Ал эми эки же андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөргө бул жөлөкпул берилбей тургандыгы белгиленди.
Мындан тышкары, үй-бүлөлөрдүн муктаждыгын аныктоодо колдонулуучу кепилденген минималдуу киреше 1000 сомдон 1500 сомго жогорулатылды.
Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, эгер жаран райондук коэффициент белгиленген калктуу конуштарда жашаса, анда “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу райондук коэффициентти эске алуу менен төлөнөт.
фото www