Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жарым миллиондон ашуун сомду бүтүрүүчүлөрдүн аземине жумшоо шек жаратат

Талдоочу бул чыгымдарды ыксыз көп жана коррупциясы бар  деп эсептейт

Бишкектеги бүтүрүүчүлөрдүн аземине коротулуучу жарым миллиондон ашуун сумма - бул өтө көбөйтүлгөн сумма. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Айнура Арзыматова айтты.

- Мындай иш чараны уюштуруу негизинен жакшы эле, анткени мектеп окуучуларына күчтүү дем берет. Бирок буга чыгымдарды актала турган болсо гана көп каражат сарпташ керектигин белгиледи профессор Арзыматова.

Айнура Атыгаевна мындай кулпурган шаан шөкөттү борбордогу мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн гана кабыл алынган чечим экендигине көңүл бурду.

- Муниципалдык бийликтин иш аракеттери медалисттердин шаан шөкөтүн республикалык масштабда өткөрсө гана өзүн өзү актамак, - дейт ал.  - Мэрия бул кылыгы менен аймактык бөлүнүүгө жол ачып жатат. Бул ар бир район жана областтардын өздөрүнүн аземдерин өткөрүүгө алып келиши мүмкүн. Ошондой эле борбордун медалист-бүтүрүүчүлөрүнө жарым миллиондон ашык сарптоо - бул акылсыздык.

Анын ою боюнча бул жерде коррупция бар.

Мындан мурдараак мамлекеттик сатып алуу порталы Бишкек мэриясынын илим, билим Башкармалыгы медалисттердин аземине 533 миң сом коротоорун билдиргендигин эсиңиздерге салабыз.

Каражаттар классикалык музыка концертине, алып баруучулардын кызматына жана өндүрүш директоруна төлөгөнгө кетет. Ошондой эле сүрөт жана видеого тартууларга төлөө да каралган.
 
Сахнанын фойесин ар кандай жандуу гүлдөрдүн композициясы менен кооздошот. «Алтын тамга» деген алтын жазуусу бар 51 даана гүлдөрдүн композициясы жана 28 букет Голландиянын розасы
медалисттер үчүн сатылып алынат.
Чоң  LED экранды арендага алуу каражаты да бөлүнгөн.
Алтын, күмүш жана коло түстөгү 51 медалды даярдоо каралган. Аларда шаардын эмблемасы менен «Бишкек шаарынын алтын бүтүрүүчүсү 2018» деген жазуу бар.
 
Алина Ыйманкулова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх