Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

7-апрель иши боюнча соттолгон «альфачылар» мурункудай эле УКМКда кызмат кылышууда

Атайын бөлүктүн жаш жоокерлери өз милдеттерин аткарышты, бирок көкүрөктөрүндө ызалары калды деп билдирет алардын мурунку командири      

УКМКнын «А» ("Альфа") атайын операциялар Башкармасынын бардык кызматкерлери 7-апрель окуясы боюнча кылмыш иши козголгондугуна карабастан     кызматтык милдетин сатышкан жок, жана өздөрүнүн атайын бөлүктөрүндө иштеп жатышат.  Бул туурасында Vesti.kg сайтына УКМК «А» атайын операциялар Башкармасынын мурдагы командири Алмаз Жолдошалиев билдирди.

Бардык жаш жоокерлер үч инстанцияда тең акталышты, анткени алардын күнөөлөрү жок болчу, - деп эскерет офицер. 
                                       
- Бул жети бала менин кол алдымда болчу, - деп тактады Жолдошалиев. Мен аларды татыктуу жана чынчыл деп гана айта алам.

Андан сырткары, мурунку командир болуп өткөн сот процесси алардын моралдык абалына терс таасирин тийгизгендигин белгилейт.            
                                    
- Ар кандай адам үчүн эле, анын үстүнө погончон кызматкерге мындай абал эң эле жагымсыз, - деп кошумчалайт Жолдошалиев.  - Албетте, аларга өз милдеттерин так аткаргандыгы үчүн соттоо терс таасир берди. Анткени бул адамдар өлкөдө тартипти кармап, мыйзамдуулукту сакташат. Өз кезегинде өздөрү да мыйзамды сакташы керек. Мыйзамды так аткарып, коргоп жатсаң, саясий абал өзгөрүп кетип, айласыздан жок болосуң. Ар ким өз мыйзамын киргизе баштайт. Башкача жаңы стандарт башталат. Анда бизге эмне кереги бар саясий агым менен жүргөн анда укук коргоо органдары жана аскерлер.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх