Кыргыз бийлиги жактоочулукту чет элдин атайын кызматтарынын таасири астында калтырдыбы?
Жактоочулар кеңешине кандай гана жакшы: жакында эле төрага өзүнө 96,2 миң сом айлык чегерип алгандыгы белгилүү болду
Кыргыз Республикасынын жактоочулар Кеңешинин төрагасы жакынкы убакка чейин өзүнө өзү 96,2 миң сом айлык чегерип, алып жүргөн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Адвокатуранын текшерүү комиссиясынын мурунку төрагасы Григорий Кобылин билдирди.
- Мына буйрук: КР жактоочулар Кеңешинин төрагасына 96,2 миң сом, ал эми жактоочулар Кеңешинин мүчөлөрүнө 7 миң сом 50 тыйын жана башка айлыктар тууралуу. 2016-жылдын 26-октябрындагы протокол, - дейт ал. - Ушул протокол болбогондо эле, бул айлыктар тууралуу бүгүн талкуу кыла алмак эмеспиз. Бул кийин эле жасап коюшкан жасалма документ. Бул акчаны 2018-жылдын май айына чейин, жаңжал чыккыча алып жүргөн.
Кобылиндин сөзү боюнча, Адвокатурада башаламандык жараткандар - жактоочулар Кеңешинин мүчөлөрү. Алар өздөрүнүн иштөө ыкмасын кесиптик бирикме түзүлгөңдөн кийин эле көрсөтүштү:
- 2014-жылы 26-октябрда жактоочулардын биринчи съездине 600 киши катышты, - деп эскерет юрист. - Бирок алардын арасынан тогуз киши өздөрүн адвокатуранын негиздөөчүлөрбүз деп дайындалып алышты. Жөн эле «негиздөөчүлөр - съезддин мүчөлөрү» деп коюшса туура болмок. Болбосо ар биринин фамилиясын жазыш керек болчу. Бул алдамчылар эч кандай сиңирген эмгеги болбой туруп эле өздөрүн атактуу деп атап алышты.
Григорий Кобылиндин айтуусу боюнча, КР Адвокатурасынын уставында жоопкерчилик тууралуу эч бир сөз жок. Башкача айтканда эч ким эч нерсеге жооп бербейт.
- Жактоочулардын кесиптик бирикмесинде Кыргызстандын мыйзамы таасир этпейт, бул жерде жунгли мыйзамы менен - бири экинчисин басып койсо, ошол азамат, - дейт ал.
Жакында эле Vesti.kg сайтына юридикалык ЖОЖ бүтүрүүчүлөрүнүн КР Адвокатурасына кирүү үчүн 20 миң сом сөзсүз акча берүүгө карата арызы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Григорий Кобылин жаш адистерди басынтуу тууралуу айтат:
- Көп сандаган прокурорлор жана башка укук коргоо тармагынын кызматкерлери улгайганда тажрыйбалары башка чөйрөдө болгондугуна карабастан бир заматта жактоочу болуп алышат, деп белгилейт ал. - Бул көрүнүш бүтүрүүчүлөрдү бир тепкичке дароо эле ылдыйлатып коёт да, иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Эмне үчүн ал прокурорлук ордунда иштей бербейт, жаш адис иштеп, тажрыйба топтоосу керек го. Бул жерде коррупция айдан ачык болуп турат.
Бирок, Кобылиндин ою боюнча, Абвокатуранын бюджетин уурдоо башкача иликтөөнү талап кылат, бирикме менен байланышкан олуттуу маселе.
Юристтин оюнча, жактоочулардын бирикмеси - жарандык коомдогу институттардын бири жана мамлекетте жарандардын укугун коргоодо өзүнүн орду болушу керек.
- Конституция ар бирин коргоого кепилдик берет, - деп ой жүгүртөт ал. - Бирок Кыргыз Республикасында мамлекет бул милдетти жеке жактарга берип койгон. Мамлекеттик адвокатура түзүлүшү керек болчу. Бүгүнкү күндө ал өз милдетин жеке жактоочуларга тапшырып койгон.
Анын ою боюнча, ушунун айынан коом жапа чегип, аз да болсо укугун толук кандуу коргой албай жатышат. Юрист муну менен КР Адвокатурасын жоюну сунуштабайт, болгону мамлекеттик, бюджеттен каржылануучу жактоочулардын органын тузүүнү сунуштайт. Мамлекет алдында жоопкерчилик бир аз болсо да болмок.
- Жылына акысыз юридикалык жардамга 20 миллион сом коройт, - дейт Кобылин. - Ушул акчага эң сонун штат ачканга болот. Айлык акы үчүн жактоочу кимге болсун да жардам көрсөткөнгө даяр. Кимге жакпаса ал жеке жактоочуну жалдап ала берсин, бирок мамлекет милдетинен кутулмак. - Андан сырткары, бул салыкка түшө турган кошумча киреше болмок. Азыр жеке жактоочулар бир тыйын төлөбөй коюшу да мүмкүн.
КР Адвокатурасынын демөөрчүлөрү - бул батыштын ишканалары, алар каржылап туруп, өздөрүнө керектүү багытка иш аракеттерди буруп коё алышат.
КР Адвокатурасынын чет элдик донорлорунун арасында - USAID, Rule of Low Initiative (Укук коргоочулардын америкалык Бирикмеси), Rule of Low (КР укуктун өкүм сүрүүсүнө көмөктөшүү (Европалык уюм) жана IRZ (Deutsche stiftung fur internationale Rechtliche Zusammenarbarbaeit e.v.Германиялык укуктук кызматташуу фонду).
- Бул ЮСАИД жана «Сорос» биздин адвокатураны каалагандай калчайт. - Ким акча төлөсө, ошонун күүсү ойнолот дегендей. Булар мамлекеттин адвокатурага болгон таасирин алсыздандырышат. Адвокатураны чет элдик таасирлерден тосмолоо зарыл деп ишенем, анткени бул улуттук коопсуздукка залакасы тийе турган нерсе.
Ольга Федорчук
Фото www