Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда эми квадроциклдерди да каттоого алышат

Мамлекет башчы жол кыймылы тууралуу мыйзамдагы өзгөрүүнү бекитти

Президент Сооробай Жээнбеков "КР жол кыймылы тууралуу" мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду.

Бул Мыйзам жеке жана юридикалык жактардын автоунаа каражаттарын катоодогу коррупцияны жоюу үчүн иштелип чыккан. Автоунааларды өз убагында каттоодон өткөрүүнү аймактардын алыстыгы жана бажы текшерүү пункттарындагы убакыттын создуктурулушу артка тартат. Мунун баары калктын нааразычылыгын туудурат жана коррупцияга жол ачат. Мамлекеттик каттого алууну жакшыртуу максатында КР Мыйзамынын 24-беренесине өзгөртүүлөр киргизилет. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 24-беренесинде каттоонун мөөнөтү 10 жумуш күнүнө узартылат.

Андан сырткары, жаңы мыйзам боюнча каттоого квадроциклдер жана трициклдер киргизилген.

Бул мыйзам жарыя кылынган күндөн тартып он күндүн ичинде күчүнө кирет.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх