Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ДКО катчылыгы бизнесмендерди эч ким акча бөлүп бергиле деп кыйнабагандыгына ишендирет

Андан сырткары, буга окшогон иш-чарага демөөрчүлөрдү тартуу практикасы чет өлкөдө деле кеңири жайылган

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү жана даярдык көрүү боюнча катчылык демөөрчүлөрдү жардамга тартуу тууралуу маалыматтар тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну көчмөн цивилизациясын жана маданиятын таркатуу, таанытуу үчүн жалпы улуттук долбоор болуп саналат

Эреже боюнча, мындай чоң иш-чаралар ар кандай демөөрчүлөрдү тартуу менен өтөт.


Бизнес өкүлдөрүн бул демөөрчүлүк компанияга катыш деп эч бир мамлекеттик орган мажбурлабагандыгын эскерте кетүүбүз зарыл. Демөөрчүлүк жардам көрсөтүү өз ыктыяры менен болот. Бул практика мындай чоң иш-чара өткөрүүдө алыс, жана жакынкы чет мамлекеттерде кеңири колдонулуп келе жатат.

Үчүнчү ДКО жардам кылууну каалаган ишканалар башкы, расмий жана медиа өнөктөш катарында демөөрчү боло алышат.

Өз кезегинде Катчылык демөөрчүлөр менен кызматташуунун алкагында жарыяларды берүүгө даяр.

Оюндун бүткөндө демөөрчү каражаттардын келип түшкөндүгү жана сарпталышы тууралуу маалыматтар ДКО расмий сайтына жайгаштырылат worldnomadgames.com

Үчүнчү ДКО өткөрүү жана даярдык көрүү боюнча катчылык
Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх