Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аман калган литвалык альпинист кыргыз куткаруучуларына алкыш айтты (видео)

Ал каза болгон досунун арбагын сыйлап, ошол чокуга кайра чыкты

Литвалык альпинист Кестутис Скрупкелис Кыргызстанга келип, ӨКМ куткаруучуларын аны куткарып калгандыгына жана курман болгон жолдошу Сайкаускас Саулюстун денесин тоодон издеп табышканына жеке өзү ыраазычылык билдирди. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Литва Республикасынын ардактуу консулу Стасис Видугирис билдирди.



Анын айтымында, Кестутис Скрупскелис Литванын альпинисттер Бирикмесинен каржылык жардам топтогон.

- Ал кыргыз куткаруучуларына жеке өзү белектерди тапшырды, - деди консул. - Биз өзүбүздүн тараптан да сыйлыктарды даярдап тапшырдык.

Андан сырткары, литвалык альпинист каза болгон жолдошунун арбагын сыйлап кайрадан ошол чокуга чыккандыгын элчиликтин өкүлү белгилеп өттү.

- Кестутис Скрупскелис эки белги ала чыгыптыр, аны Сайкаускас Саулюска арнап орнотту, - деп улантат консул. - Андан сырткары ал ошол жерге күндөн энергия алып жарык берчү аккумулятору бар панель орнотом дейт.     

Эске салсак, 16-февралда Литванын эки жараны Ала-Арча аскасынан учуп түшкөн. Алардын бири куткаруучулар тарабынан табылып, ооруканага жеткирилген, анын буту сынып калыптыр. Экинчисин болсо узакка издегенден соң өлгөн тейде табышкан.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх