Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда салыкты төлөө мөөнөтү 4-сентябрга чейин узартылды

Бул майрам күндөргө байланыштуу

Турак жай, транспорт жана ошондой эле жер салыгын төлөө майрам күндөргө туш келип калгандыгына байланыштуу 4-сентябрга чейин узартылды.

Ошондуктан салыкты төлөөгө үлгүрбөй калган жарандар үчүн мөөнөт 4-сентябрга чейин узартылды.

Эске салсак, салык органдары 4-сентябрга чейин майрамга жана дем алыш күндөргө карабастан саат эртең мененки 9:00 баштап кечки 10:00 чейин иштейт.

Салыкты банктын кассаларында, терминалдарда жана уюлдук, интернет-банкингдерде төлөөгө болот.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынат. Андан сырткары ар бир мөөнөтүнөн өткөн күн үчүн пения чегерилет.

Толугураак маалыматты 194 телефонунан же www.sti.gov.kg. сайтынан алууга болот.

МСК маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх