Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Премьер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорду жактырды

Бирок мындай мыйзам долбоорго чечүүчү колду бир гана мамлекет башчы коёт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мүмкүнчүлүгү чектелген адамджарыдн укугу жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо тууралуу мыйзамдолбоорго кол койду.

Бул маалыматты Vesti.kg сайтына өкмөттүн апппаратынын маалымат кызматы  тактап берди.

- Ал макулдук берүү тууралуу токтомго гана кол койду, - деп түшүндүрүштү андагылар. - Бүгүн-эртең документ Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт, ошол жерден аны карап көрүшөт. Андан кийин гана президент кол коёт.

Саясий маалымат бөлүмүнүн башчысы бул учур өкмөт долбоордун демилгечиси болгондо гана зарыл болоорун белгиледи.

Мурда Дастан Бекешев (КСДП) Twitterде бул мыйзам долбоорго кол коюлгандыгын айткан эле.

«Бүгүн тегерек үстөлдө мен сунуш кылган мыйзам долбоорду талкуулоо боюнча өкмөт билдирди, майыптардын укугу тууралуу Конвенцияны ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорго премьер-министр кол коюптур, - деп жазган ал. - Мен Жогорку Кеңеште бул конвенциянын ишке киришине жардам көрсөтөм».

Эске сала кетели, мурда Vesti.kg сайтына майыптардын укугун коргоо тууралуу Конвенциянын ратификацияланышын колдоп 600 адам маршка камданып жаткандыгын жазышкан.

Жүрүш Чүй проспекти менен болгон. Бишкек мэриясынан башталып Өчпөс отко чейин. Акция саат 9:30 - 12:00 чейин болгон.
Конвенциянын максаты майып адамдардын укугун бардык адамдар менен тең кылып, негизги эркиндигин камсыз кылуу болот.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх