Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы жылың куттуу болсун Кыргызстан!

Vesti.kg редакциясы 2019-жылы кыргызстандыктарга жакшылыктарды каалайт

Vesti.kg редакциясы кыргызстандыктарды кирип келген 2019-Жаңы жылы менен куттуктайт.

Баарыңыздарга кадимки эле адамдарга тийешелүү бакытты каалайт - ал силерге коррупционерлер мыйзамсыз жеген акчаларын өз каалоолору менен кайтарышын жана өздөрү маршрутка менен улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетине келишин, ал эми чет элдик жарандыгы бар депутаттар менен чиновниктер моюндарына алып жана Кыргызстандан чыгып кетишин каалайт.

Жол кырсыгы тууралуу жаңылыктар жана мас болуп ролго отуруп алуулар эски жыл менен кошо кетсин (анткени бул өтө маанилүү).

Бишкектин үстүн каптаган кара түтүндү тоонун таза жели айдап кетсин, кылым жашаган эмен дарактары кыйылбасын, ал эми кыйылган кара жыгачтардын, бака теректердин ордуна эгилген көчөттөр бат баттан өссүн.

Бишкек ЖЭБи бизди жылытсын, гидроэлектрстанциялары кыйроого учурабай иштесин, учактар учуп турсун, чырактар жанып турсун, ал эми биздин эстүү жарандарыбыз таштандыны чакага салып турсун.

Өкмөттүн маалыматы «ачык» болсун, санариптик экономика аймактарга жайылсын, «Коопсуз шаар» ишке киришип, жол эрежелерин бузгандар азайсын.

Жарандык жана аскердик пенсионерлер татыктуу пенсия алышсын, майыптар транспортто эркин жүрүп, катардагы адамдар сыяктуу иштеп, жашашсын.

Окуучулар грамматикалык жана пунктуациялык каталары жок кызыктуу окуу китептерин алышсын, ар бир баланын үстүндө үйү, кашында ата-энеси, дасторконунда наны, казанында ашы, кийими бүтүн болсун.

2019-жыл Кыргызстанга жалаң гана жакшылыктарды алып келген жыл болсун, 2018-жылы Азия оюндарында Дарья Маслова алып келгендей алтын, күмүш төш белгилер дагы да көп болсун биздин өлкөбүздө.

Ар бир Кыргызстандын жараны таксист Кайрат Тентимишевге окшоп кардарынын унутуп кеткен капчыгын берүү үчүн 8 сааттап күтүп, ата мекенибиздин абийир таза кармасын.
Азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбековго коррупция менен күрөшүүдө темирдей бекем эрк, кажыбас кайрат каалайбыз, ак жеринен отурган саясий камактагылардын да боштондукка чыгышын, ошондой эле мурунку менен кийинкилер элдешип, жоолугушуп жана көп жылдык достугун калыбына келтирсин.

Жаңы жылыңыздар менен!

Vesti.kg редакциясы
сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх