Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Исаев көк бөрүнү казактардын эрежеси менен ойноого макул болуп кол койгон документтери калкып чыкты (сүрөт)

Жогорку Кеңештин депутаты көк бөрү Федерациясынын башчысы болуп турган кезинде кол койгон тийешелүү документтери тууралуу маалыматтар бар

Жогорку Кеңештин депутаты канатбек Исаев Кыргыз Республикасынын көк бөрү Федерациясынын президенти болуп турган кезинде кыргыз курама командасы көк бөрүнү казак тараптын көк пар эрежеси менен ойноого макул болуп келишимге кол койгон. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган Федерациянын өкүлдөрү билдиришти.

Ошондой эле атын атабоону суранып документтин өзун да беришти, анда Канатбеку Исаевдин 2013-жылы түрк элдеринин салттуу спорт оюндар Бирикмесин түзүп жатканда койгон колу бар.

Документте бирикме улуттук оюндардын бир нече түрлөрүн өнүктүрүү көротүлгөн, бирок көк бөрү жок.

- Бул Кыргызстан көк пар эрежеси менен тай казансыз ойноого макул дегенди билдирген, - деп тушүндүрөт булак. - Канатбек Исаев келишимге кол коюп, бирок бул тууралуу эч кимге ооз ачкан эмес. Биз ага кайрылып, бул тууралуу сураганыбызда ал жооп бербей койду. Келишимдин экинчи көчүрмөсү Канат Исаевде.

сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх