Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мектеп окуучулары желим жытташат». Саламаттык сактоо Министрлигине видеотасма тартууну сунушташты

Жогорку Кеңештин спикери желим сатуучулар менен өспүрүмдөргө сатпоо келишимин түзүүнү сунуш кылды

Мектеп окуучулары баштыкчадагы өндүрүш желимин жыттап жатышат. Бул тууралуу спикер Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Анын сөзү боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстанда желим өтүмдүү товар болуп жатат, анын кардары негизинен - бул өспүрүмдөр.

- Кеп карб тууралуу болуп жатат, ошондой эле суперклей желимин да жытташат, - деп белгиледи төрага. - Жаш балдар ден соолугуна кандай зыян келтирип жатышкандарын түшүнүшпөйт. Андан сырткары, алар ушундай жол менен өз организмдерин башка да наркотиктердиколдонууга даярдап жатат.

Жумабеков саламаттык сактоо Министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылып, окуучуларга желимдин зыяндуулугун түшүндүрүүнү сунуш кылды.

- Аны сатканга тыюу салууга да болбойт, бирок түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек, - деп белгиледи ал. - Балким тематикалык видеотасма тартабызбы, же сатуучулар менен өспүрүмдөргө сатпоо тууралуу келишим түзөбүзбү, айтор жолун табуу керек.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өз кезегинде окуучулар менен иш алып баруу күчөтүлөт деп жооп берди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх