Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Электр станцияларынын» башчысы Аскар Эшимбеков дүйнөдөн кайтты

Айрым бир такталбаган маалыматтар боюнча, ал сокур ичегиден каза болгон

«Электр станциялары» ААК башкы директору Аскар Эшимбеков бүгүн эртең менен көз жумду. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Ал оорунун айынан каза болгон. Айрым бир ЖМК маалыматтары боюнча, ал сокур ичегиден каза болгон. Бирок маалымат кызматы Vesti.kg сайтына бул тууралуу расмий маалыматтын азырынча жоктугун айтышты.
«Аскар Эркинович өтө сабаттуу, сезимтал жетекчи болчу, - деп билдирди ААК маалымат катчысы Тагжан Айдаралиева. Адистердин жумуш шартына көп көңүл бурчу, аябай көп иштечү. Аны жумуш ордунан эртең мененки 7:30 табууга болоор эле, кечинде да аябай кеч кайтчу. 56 гана жашта болчу... »

Аскар Эркинович Эшимбеков 1962-жылы тогуздун айынын биринде туулган. 1985-жылы Разаков атындагы КМТУ «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолун ОШ ЖЭБ электрослесарь болуу менен баштаган.
Эшимбеков «Электр станциялары» ААК башкы директору кызматына 2018-жылы бугу айында келген. Ал азыр УКМК тергөө абагында Бишкек ЖЭБ авария жана модернизация боюнча кылмыш ишинин алкагында камалып жаткан Узак Кадырбаевдин ордуна келген.
Баш аягы ал энергосистемага 34 жылдык өмүрүн арнады. Ал мурда ОШ шаар кеңешине депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ТЭК бөлүмүнө эксперт болгон.
2006-жылы Аскар Эшимбеков Кыргыз Республикасынын Президентинен ардак грамотасын алган.
«Компания Аскар Эркинович Эшимбековдун үй бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», - деп билдирет «Электр станциялары».

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх