Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тез жардамдын директору алардын кызматкери эмнеге баланы карабай койгондугун түшүндүрдү (видео)

Искендер Шаяхметов фельдшер тактикалык ката кетиргендигин жана эскертүү алгандыгын белгиледи

Кечээ Instagram социалдык тармагында тез жардамдын кызматкери баланы кароодон баш тартып, айланасындагыларга аны башка жакка чакырып жатышкандыгын түшүндүрүп жаткан видео таркады.

Тез жардамдын фельдшери башка жакка чакыруу болуп жаткан учурда оорулууну карады. Бирок тармакта ал маектин бир бөлүгү гана талкууланды. Окуяны Vesti.kg сайтына ушундайча түшүндүрөт тез жардамдын директору Искендер Шаякметов

- Эртең менен биз ал кызматкерди жетекчиси экөөнү тең көзөмөл комиссиясынын мүчөлөрүнүн жыйынына чакырдык, - деди ал. - Биз андан түшүнүк кат алдык. Фельдшер өзүнүн чакыруусуна кетип жаткан. Бараткан жеринен аны токтотушту. Ал оорулуу баланы караган. Анын чыкый-маңдай ченинде бир аз сыйрылып кеткен жери бар экен, бирок сөөк менен булчуңга эч кандай жаракат келген эмес. Башкача айтканда анын башка жаракаты жок экен. Андан соң фельдшер борбордук диспетчерликке чалып, оорулууну карагандыгын жана оор жаракаттын жоктугун айткан. Диспетчерликтен ага балдар үчүн жандандыруу бригадасынын чыккандыгын билдиришти. Фельдшерге эгерде баланын акыбалы жакшы эле болсо, анда өз чакыруусуна бара берүүсүн айтышкан.

Ошону менен бирге Шаякметов интернетте фельдшердин машинага отурган учурун гана тарткандыгын, анын оорулуу баланы карап жаткан учурун тартпагандыгын белгиледи.

- Социалдык тармактарда анын машинага отурган жерин гана калтырышып, калган жагын кесип салган видеону таркатып жатышат, ал баланы караган да, - деп улантты тез жардамдын директору.

- Фельдшердин айтымында, эки жигит ага кыйкырып, күрмөсүнөн тарткылашкан. Ал алдастап калган. Жигит бизде болгону 6 айдан бери иштейт. Ал бүгүн оорулууну карагандыгын, эгерде катуу болсо ошол жерде кала тургандыгын айтты. Албетте тактикалык жактан анын күнөөсү бар. Ал машинанын салонунда баланы алып отуруп, бригаданын келишин күтүп, тапшырып коюп кетсе болмок. Мен ушул тактикалык катачылыгы үчүн ага эскертүү бердим. Бул биринчи эле жолу болуп жаткан жери жок. Тармактарда биздин адистердин маектеринин бир бөлүгүн гана тартып алышып жайылтышат. Ал жерде дарыгер болгондо башкача болмок. Бизде бүгүнкү күндө подстанцияларды 3 гана дарыгер иштейт, калгандары фельдшерлер. Бул биздин кадрлык дефицитибиз.


Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх