Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК депутаты: Шүкүровдун урматына башка скверди атасак болот. Президент жаңы паркка «Ынтымак» деп ысым ыйгарган

Ал арада  «кайсы бир эликтер жайгашкан аянтты» көрүнүктүү экологдун аты менен аташтын кереги жок деген да пикир бар  

Бишкектик экологдор change.org сайтында Түштүк Магистралдагы жаңы ачылып жаткан паркка жакында каза болгон эколог, БШКнын мурдагы депутаты Эмил Шүкүровдун атын ыйгаруу чакырыгы менен онлайн- петиция чогулта башташты. 

«Эмил Жапарович Шүкүров Кыргызстандын табиятын сактоого баа жеткис жана фундаменталдуу салымын кошкон. Ал дүйнөлүк экологиялык кыймылдын түзүлүшүндө көрүнүктүү катышуу менен Кыргызстандын заманбап экологиясынын негиздөөчүсү болуп калган. Ошондой эле ал КМШ өлкөлөрүндө, Борбордук Азияда жана Кыргызстандагы эң белгилүү окумуштуу экологдордун бир эле. Эмил Шүкүров Кыргызстандагы алгачкы «Алейне» эклогоиялык кыймылынын, ошондой эле биринчи жана экинчи коомдук экологиялык уюмдардын уюштуруучусу болгон», - деп айтылат кайрылууда. 

Ал арада эколог Влад Ушаков Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө, Түштүк магистралдагы «пластик скульптуралары» жана  «түшүнүксүз эликтери менен» паркты Шүкүровдун урматына аташ болбойт деп айтты. 

- Азыр ал паркты «парк» деп атоого болбойт, - деп байкады Ушаков. Бул жөн гана кайсы бир эликтери менен аянтча, менин билишимче, паркта иштеп жаткан балдар, Москвадагы Орусиянын өсүмдүктөрү чогултулган «Зарядье» паркына окшоштургулары келишкен. Мына ошондуктан, бул паркты анын атынан атоого болбойт. Эгерде паркты кайрадан жасап чыгышпаса, жакшысы атабай эле коюшканы туура болот. 

Петициянын демилгечилеринин бири - эко-активист Дмитрий Ветошкин - өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаттары активистердин пикирине көңүл бурушат деп ишеним артат. 

- Биз ушундай кооз паркты түзгөндүгүнө байланыштуу мэрияга ыраазыбыз жана колдойбуз, - деп белгиледи ал. -Ал жерде ирригациянын жакшы системасы курулган жана инфраструктурасы укмуш. Бул парк Бишкектеги үлгүлүү парктардан болуп калат. Биз Эмил Жапаровичтин окуучуларынын арасынан колдоочу кеңешти түзүүнү сунуштайбыз, алар Эмил Жапарович сыяктуу эле парламент жана президенттин аппараты менен тыгыз байланышта иштешмек. Ошондуктан, бул бизди угушуп, паркты анын атына атаганга таасир этет деген ишеним бар. 

Бирок, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Гүлнара Молдобаева экологдордун демилгесин  «кечигип калды го» деп эсептейт, себеби, президент Сооронбай Жээнбеков парктын ачылышында «Ынтымак» деп атоого сунуш берген. 

- Бүгүн президенттин катышуусу менен парктын расмий ачылышы болду жана ал паркты «Ынтымак» деп аталсын деди, - деп эске салды Молдобаева. - Менин оюмда, биз бул демилге менен бир аз кечигип калдык. Бирок, көңүлүңүздөрдү түшүрбөңүздөр, себеби, Шүкүровдун атын ыйгарууга боло турган бизде скверлер менен парктар аз эмес. Биз эки жылдан бери «Тунгуч» кичи районунун үстүңкү жагында, чоң жашыл сквердин пайда болушунун үстүндө иштеп жатабыз. Эгер ушул маселе алдыга жыла турган болсо, ошол паркты анын атынан атасак болот.

Азыркы учурда петицияга кол койгондордун саны 150гө жетти. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх